"Кышында кыйналышат". Алайкуунун тургундары мектептин жабылышына каршы (видео)
SUPER.KG порталына Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сай-Талаа айылынын тургундары кайрылышты. Тургундар айылдагы Сооронбай Жусуев атындагы орто мектептин жабылып жатканына нараазы.
"23-августта райондук билим берүү жетекчиси, акимдин орун басары жана райондун башка кызматкерлери келип окуучулардын саны талапка жооп бербегенине байланыштуу Билим берүү министрлигинин "жабылсын" деген буйругун алып келишти. Бул айылда негизи калктын саны аз, бирок мектептин шарты дагы ошондой окуучуга ылайык. Мектепте жалпы 120 окуучу, 23 мугалим жана 9 техкызматкер эмгектенет. Алайкуу бийик тоолуу аймакка киргендиктен, бир айылдан башка айылга барып окуп келүү аябай кооптуу жана алыс. Күн жылууда билинбегени менен кычыраган кышта кыйналышат",- деди айыл тургундары.
Тургундардын айтымында, быйыл мамлекеттик курултайда Алайкуунун атынан Апызаков Аваз катышып, жалпы элдин атынан министрликке кат жолдогон. Министрликтен жооп катары "жабылбайт" деген буйрук келген.
"Бул мектепти бала бакча болот деген имиш болуп жатат. Анын үстүнө быйыл Жусуевдин 100 жылдыгы белгиленип жатат. 120 окуучунун, келечекте мектепке барчу окуучулардын тагдыры эмне болот?",-дешти тургундар.
SUPER.KG порталы бул окуя боюнча Алайкуу айыл өкмөтүнүн башчысы Манас Акматовго байланышты. Ал мектептин жабыла турганын тастыктады.
"Ошондой буйрук чыкты. Жусуев орто мектебинин окуучулары Мамаев орто мектебине барып окушат. Эки айылдын аралыгы 1 чакырымды түзөт. Бирок айылдын баш жагында жашагандар үчүн кошуна мектеп бир аз алыс болуп, окуучуларга кыйыныраак болушу мүмкүн",- деди Акматов.
Ал эми Сай-Талаа айылынын тургуну, Жусуев орто мектебинин мурдагы тарых мугалими Абдылдаев Болотбек ата-эне катары мектептин жабылышына каршы. Анын айтымында, мектепте 2 баласы окуйт, кичүүсү быйыл 1-класска барат.
"Менин балам 1-класска барат. Мен аны кошуна мектепке алып бара албайм. Бизде, Алайкууда 6 ай кыш болот. Кышта кичинекей наристенин артында бир киши болуш керек. Райондогу өкүлдөр автобус беребиз дешти. Бул - жөн гана сооротуу. Биз ага ишене албайбыз. "Сиз балдардын жоопкерчилигин ала аласызбы?" десек, ал ата-энелер, жоопкерчиликти өзүңөр алгыла деди",- деп билдирди Абдылдаев.
Ошондой эле Абдылдаев аталган айылдагы мектеп быйыл капиталдык ремонттун тизмесине кирет дегенин, бирок кирбей калганын кошумчалады.
"Мектеп капиталдык ремонттон өтүүчү мектептердин тизмесине быйыл кирген жок. Бирок мектеп директоруна өз чөнтөгүңөрдөн жасай бергиле, акчасын кийин беребиз дешиптир. Мектеп директору "өз чөнтөгүмдөн ремонт жасадым, өкмөт акча бөлбөй жатат" деп айтууда",- деп сөзүн жыйынтыктады айыл тургуну.
Бул боюнча биз Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тутуева Алмагүлгө байланышып көрдүк. Анын айтымында, Сооронбай Жусуев орто мектебинин окуучулары Кебек Мамаев орто мектебине барып окушат. Тутуева кошумчалагандай, Мамаев мектеби былтыр, ноябрь айында 275 орундуу болуп жаңы салынган.
"Эки мектептин аралыгы 800 метрди түзөт. Ал эми Жусуев мектебинде 100дүн тегерегинде окуучу окуйт. Бир класста 4 эле окуучу окуган класстары да бар. Бизде былтыр окуучулардын саны аз мектептерди оптимизациялоо боюнча буйрук чыккан. Бирок былтыр Мамаев мектебинин курулушу ноябрь айында бүткөнү үчүн мектепти жаба албай калганбыз",- деди Тутуева.
Анын айтымында, быйыл Агартуу миинстрлигинин өкүлдөрү Алайкууга келишип, жеринде көрүп кетишкен. Андан соң министрликтен буйрук чыгып, ошонун негизинде Сай-Талаа айылынын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Тутуева кышында окуучулар кыйналып калбашы үчүн министрликке автобус бөлүп берүү өтүнүчү менен кат жөнөткөнүн кошумчалады. Ал эми жоюлуп жаткан мектептин мугалимдерин жумуш менен камсыз кылуу боюнча Тутуева төмөнкүлөргө токтолду:
"Эки мектепти бириктиргенде да 4-класста эле 39 окуучу болуп, калгандары бир эле класс болуп жатат. Жусуев мектебинин мугалимдерин жумуш менен камсыз кылуу боюнча биз Мамаев мектебинин директору менен сүйлөшүп жатабыз. Баарын жумуш менен камсыз кылабыз деп айта албайбыз. Бирок саатка жана мүмкүнчүлүктөргө жараша айрымдарын иш менен камсыз кылабыз".
видео
