Трамп: "Газа боюнча 2-3 жуманын ичинде жыйынтык чыгышы мүмкүн"
АКШнын президенти Дональд Трамп Газадагы абал абдан начар экенин белгилеп, 2-3 жуманын ичинде жыйынтык чыгышы мүмкүндүгүн айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Менимче, 2-3 жуманын ичинде абдан жакшы жана так жыйынтыкка жетебиз, бирок муну айтуу кыйын, анткени алар миңдеген жылдар бою согушуп келишкен. Бирок бул токтошу керек",- деди ал.
Трамп Сүйрү бөлмөдө Түштүк Кореянын президенти Ли Жэ Мёнду кабыл алып, басма сөз өкүлдөрүнүн Газадагы кырдаалга байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Газада абдан катуу ачарчылык өкүм сүрүп жатканын жана бул фактыны эл аралык уюмдар да ырастап жатканын эске салган журналисттин суроосуна жооп берип, Трамп:
"Бул абал тез арада чечилиши керек. Бул иш тез бүтүшү абзел. Себеби ачкачылыктан да жаманы - адамдардын өлүмү сыяктуу башка көйгөйлөр дагы уланууда",- деди.
Израил менен Палестина арасындагы согуштун "миңдеген жылдардан бери" уланып жатканын айткан Трамп Газадагы маселеге "тез арада чечим табылышы керектигин" белгиледи.
АКШнын Газага 60 миллион доллар өлчөмүндө азык-түлүк жардамын жөнөткөнүн жана бул жардамдар таратылганын, Газадагы элдин азык-түлүк муктаждыгын канааттандыруу үчүн аракеттерди көрүп жатышканын белгиледи.

