"Үйдө жалгыз" тасмасы менен таанылган америкалык актёр Маколей Калкин 45 жашка толду
“Үйдө жалгыз” фильминдеги ролу үчүн дүйнөдө популярдуу болгон америкалык актёр Маколей Карсон Калкин Нью-Йорк шаарында 1980-жылы 26-августта туулган.
Ал 4 жашынан тарта тасма талаасына аралашып, бир канча фильмдерде эпизоддук ролдорду аткарып келген. Бирок чыныгы атактуулукту 10 жашында тартылган "Үйдө жалгыз" тасмасы алып келип, анын алкагында "Эркектин мыкты ролу" наамы менен алгачкы "Алтын глобус" сыйлыгын алган. Ал эми тасма 500 миллиондон ашуун киреше алып келгени үчүн "Гиннесстин рекоддор китебине" комедия жанрындагы эң кирешелүү тасма катары кирсе, Маколей Калкин "Үйдө жалгыз-2" фильминен 5 миллион, "Бай Риччи" тасмасынан 8 миллион доллар гонорар алгандыгы үчүн "Эң көп акча тапкан жаш актёр" катары рекорд койгон.
Маколей 6 жашынан 14 жашына чейин абдан көп тасмаларга тартылып, өзүнө эле эмес, үй-бүлөсүнө жетээрлик акча топтойт да, тасмага тартылуусун токтоткон. Ал ошол мезгилде мындан ары кино дүйнөсүнө такыр кайтып келбөөнү ойлойт. Бирок, 2004-жылы 10 жылдан кийин “Кеченин жырткычы” деген фильмге тартылуу менен актёрдук кесибине кайрадан кайрылып келген.

