Ошто милициянын майору кармалды (видео)




Ош облустук милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, милициянын майору жарандан анын канынан баңгизат колдонуунун издери табылгандыгын айтып, наркологиялык экспертизанын корутундусун өзгөртүп, ишти оң жакка чечип берүү үчүн 40 миң сом талап кылган.
Натыйжада шектүү ал адамдан 30 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. Атайын кызмат милициянын майору УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин кошумчалады.
УКМК
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:12
2025-08-26

14:03
2025-08-26

10:22
2025-08-26
8:31
2025-08-26

8:23
2025-08-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.