Орусияда жарандардын улутун тааныган видеокамералар орнотулду
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында адамдардын улутун тааныган видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Шаардык маалыматташтыруу комитетинин төрагасынын орун басары Игорь Никоновдун айтымында, мындай технология "расаларды жана улуттарды таануу" үчүн колдонулат. Ал алты түрдүү этникалык топту тааный алат. Бул маалыматтар аркылуу кайсы бир аймактарда кайсы улуттун өкүлдөрү көбүрөөк топтолгонун аныктоого болот жана ошол маалыматты укук коргоо органдары пайдаланышат.
Никонов белгилегендей, полиция бул системдин жардамы менен мигранттардын топтолушун жана көп адам жашаган батирлерди аныктай алат.
Бүгүнкү күндө болжол менен 50 миң камера улуттарды айырмалоого жөндөмдүү. Бирок бул система так улутту эмес, жалпы аймактык/расалык таандыктардын негизинде классификациялайт.

