Кытайда биринчи жолу адамга чочконун өпкөсү салынды
Кытайлык окумуштуулар алгач ирет генетикалык өзгөртүлгөн чочконун өпкөсүн адамга трансплантациялашты. Бул тууралуу Nature Medicine журналы кабарлады.
Операция Гуанчжоу медициналык университетинин профессору Хэ Цзяньсин жана анын командасынын жетекчилиги алдында өткөрүлдү. Изилдөөчүлөр билдиргендей, трансплантацияланган өпкө 216 саат бою (9 күн) толук кандуу иштеп турган.
Бейтап инсульттан кийин клиникалык өлүм абалында калган 39 жаштагы эркек киши болгон. Трансплантация учурунда окумуштуулар CRISPR/Cas9 генетикалык редакторун колдонушуп, адамдын иммундук системи тааныбай четке каккан чочконун антигендерин алып салышкан. Ошондой эле адамдын "өз" жана "бөтөн" деген сигналдарын тааныта турган ДНК кошушкан.
Операциядан кийин үчүнчү күнү өпкөнүн ткандарында сезгенүү белгилери жана иммундук реакцияга байланыштуу бузулуулар байкалганы менен орган иштөөнү уланткан. Адистер бул окуяны чочкодон алынган органдарды адамга көчүрүү боюнча чоң илимий жетишкендик болгонун маалымдашты.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШда бир бейтапка чочконун жүрөгү көчүрүлүп, ал бир айдан ашуун жашап, бирок каза болгон.
Окумуштуулар бул багытта иш улантыла турганын айтышып, мындай аракеттер келечекте донордук орган жетишсиздигин чечүүгө чоң мүмкүнчүлүк болот деп эсептешет.

