super.kg logo

Акматбаев, Көлбаевдер менен байланышы бар... Кылмыштуу топту каржылап келген жаран кармалды (видео)

 

Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелген З.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү буга чейин узак убакыт бою Кытайтан Кыргызстан аймагына келген товарларды ташуу жана бажыдан өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүп келген. Бул иштерде анын негизги колдоочусу мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы М.М. аттуу башчысы болгон. Анын жардамы менен ташылып келген жүктөр мыйзамсыз декларацияланып турган. Мындай кылмыштуу аракеттер алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүнөн качуусуна өбөлгө түзгөн.

Мындан тышкары З.Т. мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу менен алектенип келген. Ал Бишкектеги "Паллада" казиносунун негиздөөчүсү болгон. Ошол эле учурда кумар оюндарын уюштуруудан түшкөн каражаттын эсебинен Рыспек Акматбаевдин жана Камчы Көлбаевдин кылмыштуу топторунун мүчөлөрүнө системдүү түрдө каржылык жардамдарды көрсөтүп турган жана уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө салтанаттуу иш-чараларда кымбат баалуу белектерди тапшырып келген. "Паллада" казиносунун мүлк комплекси өз убагында Акматбаев менен Көлбаевге тиешелүү болгон.

Мындан улам З.Т.нын жашаган жери тинтүүгө алынган. Натыйжада тиешелүү документтери жок ПМ жана ПСМ үлгүсүндөгү 2 даана номурлары өзгөртүлгөн тапанча, Сайга жана Тигр үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар, 1 даана Винчестер, 17 даана 9 миллиметр, 22 даана 5,45х18 миллиметр, 501 даана 7х62 миллиметр, 300 даана 7,65х54 миллиметр калибрдүү октор, 5 даана магазин, 250 даана 7,62х39, 39 даана 12 калибрдүү ок-дарылар табылган. Ошондой эле салмагы 20 грамм болгон гашиш баңгизаты алынган.

Шектүү камакка алынып, учурда уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.






26.08.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: