Бастрыкин Жеңиш чокусунда калган Наговицынага жардам берүүнү тапшырды (видео)
Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда жаракат алып, калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицынаны куткаруу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Бастрыкин Тергөө комитетинин борбордук аппаратына, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылып, Наговицына боюнча эвакуация операциясына кошулууну буюрган.
Буга чейин альпинисттин уулу Михаил Наговицын Тергөө комитетинин төрагасына, Башкы прокурорго жана Орусиянын ТИМине кайрылып, апасына жардам берүүнү суранган. Ал билдиргендей, апасы менен байланыш үзүлгөндөн кийин бир жума өткөндө, видео аркылуу анын тирүү экендиги, кол булгалап, дагы деле күчүн сактап жатканы көрүнгөн.
47 жаштагы Наталья Наговицына 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырып алган. Ал 7 миң метрден жогорку бийиктикте, тамак-ашсыз жана жалгыз калган.
Куткаруучулар бир нече жолу жетүүгө аракет кылышкан, бирок 23-августта катаал аба ырайынан улам операция токтотулган.
Эске салсак, Жеңиш чокусу дүйнөдөгү эң кооптуу чокулардын бири болуп саналат.
видео

