Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты
АКШ президенти Дональд Трамп быйыл Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугушууну каалаарын билдирди. Бул тууралуу ал Түштүк Корея президенти Ли Чжэ Мён менен жолугушуу учурунда айткан.
"Мен быйыл ал менен жолугушкум келет. Ким Чен Ын менен жакынкы келечекте жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам",- деп билдирди Трамп.
АКШ президенти Ким Чен Ынды жакшы билерин белгилеп, президент болгондон бери АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда көйгөйлөр болбогонун белгиледи.
Ал эми Түндүк Кореянын мамлекеттик медиалары АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгуулары Вашингтондун Корей жарым аралын басып алуу жана аймактагы өлкөлөргө кол салуу ниетин көрсөтүп жатканын белгилешти.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Трамптын быйылкы январдагы инаугурациясынан кийин Ким Чен Ын америкалык президенттин түз дипломатияны калыбына келтирүү чакырыктарына маани берген жок. Трамп 2017-2021-жылдардагы президенттик мөөнөтүндө түз дипломатияны жүргүзгөн, бирок ал Түндүк Кореянын ядролук программасын токтотуу боюнча келишимге алып келген эмес.
