Уиткофф: "АКШ жыл аягына чейин Украинадагы жаңжалды токтоткусу келет"
АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Украинадагы согушту, Израилдин Иран жана ХАМАС менен болгон согуштарын жөнгө салуу боюнча жолугушуулар болорун жарыялап, АКШ бул үч кагылышууну да жыл аягына чейин токтотууга үмүттөнүп жатканын баса белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Күч аркылуу тынчтык иштейт. Орусия, Украина, Иран, Израил, ХАМАС... Бул жумада биз ушул үч жаңжалдын ар бири боюнча жолугушууларды өткөрүп жатабыз жана аларды жыл аягына чейин жөнгө салууга үмүттөнөбүз. Сиздин командаңыз чынында эле мыкты",- деди ал Трампка кайрылып.
Кремль буга чейин "күч аркылуу тынчтык" деген түшүнүктү Орусияга карата колдонууга болбой турганын, ошондой эле Израил менен Ирандын кагылышуусун Украинадагы жаңжал менен салыштыруу "орунсуз" экенин билдирген.
Трамп шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө Украинадагы согушту бир күндө токтото аларын айткан. Бирок кийинчерээк ал бул маселе андай оңой эмес экенин билдирген.
"Мага эң жеңил болот деген маселе Орусия менен Украина болду. Бирок бул чоң жеке мүнөздөгү жаңжал экен. Бирок биз акыры бул согушту токтотобуз",- деди АКШ президенти.
Өткөн аптада АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс да Украинадагы жаңжалды токтотуу мүмкүн эместигин моюндап, бирок бул алты айдын ичинде болушу мүмкүн экенине үмүт артарын айткан. "Биз бул ишти аягына чыгаруу үчүн зарыл болгон нерселердин баарын кыла беребиз",- деп белгилеген Вэнс.
Анын айтымында, АКШ Украинага согушту токтотуу үчүн зарыл болгон коопсуздук кепилдиктерин жана ишенимди берүүгө аракет кылат, ошондой эле Орусия тарапка да согушту токтотсо болорун түшүндүрүүгө аракет жасайт.

