Туристтик компания Жеңиш чокусунда калган Наговицына боюнча билдирүү жасады
Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицынанын турун уюштурган "Ак-Сай Трэвел" туристтик компаниясы окуя боюнча билдирүү жасады.
"2025-жылдын август айында Жеңиш чокусунда Борбордук Азия тарыхындагы эң татаал куткаруу операцияларынын бири жүргүзүлдү. Ага Кыргызстан жана чет өлкөлөрдөн келген альпинисттер жана адистер катышты.
Операцияга катышкан адамдардын каармандыгына жана эрдигине карабастан, өтө оор аба ырайынын шарттарынан улам, бир нече гана адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болду.
"Ак-Сай Трэвел" компаниясы курман болгон альпинисттердин үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат жана акыркы мүнөттөргө чейин адамдардын өмүрү үчүн күрөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирет",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ 26-августта Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда жаракат алып, калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицынаны куткаруу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырган.
Буга чейин альпинисттин уулу Михаил Наговицын Тергөө комитетинин төрагасына, Башкы прокурорго жана Орусиянын ТИМине кайрылып, апасына жардам берүүнү суранган. Ал билдиргендей, апасы менен байланыш үзүлгөндөн кийин бир жума өткөндө, видео аркылуу анын тирүү экендиги, кол булгалап, дагы деле күчүн сактап жатканы көрүнгөн.
47 жаштагы Наталья Наговицына 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырып алган. Ал 7 миң метрден жогорку бийиктикте, тамак-ашсыз жана жалгыз калган.
Куткаруучулар бир нече жолу жетүүгө аракет кылышкан, бирок 23-августта катаал аба ырайынан улам операция токтотулган.

