super.kg logo

Жылдыздар Агата Муцениеце менен Петр Дранганын тоюна 6 миллион рубль кетти

 

Белгилүү актриса Агата Муцениеце аккордеончу Петр Дрангага турмушка чыкты. SHOT'тун маалыматы боюнча, жылдыздардын тоюна 6 миллион рубль сарпталган.

Белгилүү болгондой, жубайлар Barvikha Hotel & Spa люкс мейманканасында даярданган, ал жерде фотосессия башталган, андан кийин дагы бир нече жайларга барышкан. Той Москванын так борборунда жайгашкан Империал яхта клубунда, чакан чөйрөдө өткөн. Тойго Агата менен Павел Прилучныйдын балдары Миа менен Тимофей катышты.

Буга чейин Муценисе фамилиясын расмий түрдө Дранга деп өзгөрткөн. Ал 41 жаштагы музыканттан бала күтүп жатат.

Жубайлар бүт имаратты ижарага алышкан, ижара акысы эле 1 миллион рублга жакын турат. Яхта клубу "Кызыл Октябрь" аймагында, Петр I эстелигинин жанында жайгашкан. Тосмо артында кайтарылган сырткы аянт бар, чоочун адамдардан жашырылган. Алар тойду жашыруун өткөргөнү аракет кылган жана коноктордон интернетке эч нерсе чыгарбоону суранышкан.

Эске салсак, Агата Муцениеце актёр Павел Прилучныйдын мурунку аялы. Алардын эки баласы бар уулу Тимофей жана кызы Миа. Жубайлар 8 жылдай жашап ажырашып кеткен. Учурда Павел Прилучныйдын дагы үй бүлөсү бар. 2022-жылы Зепюр Брутян аттуу актрисага үйлөнгөн. 2023-жылы уулдуу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: