Садыр Жапаров МИКтин үйлөрү "Кумтөрдүн" эсебинен курулуп жатканын айтты (видео)
Бүгүн, 27-августта өлкө башчы Садыр Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жер астынан алтын кенин казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн мамлекет башчы Кумтөр кенинен түшкөн кирешелер кайда жумшалып жатканын айтты.
"Акыркы 3 жылда Мамлекеттик ипотеалык үйлөр карапайым элге тапшырылып жатканына күбө болуп жатасыздар.
Мына ошол курулуштарга кеткен акчалардын баары ушул Кумтөрдөн түшкөн кирешелер экенин билип жүрүңүздөр. Салынып жаткан жолдор, мектеп, бала-бакчалар, эмгек акылардын, пенсия, пособиялардын көбөйүшү, аскердик жана башка заманбап техникалардын сатылып алынышы, иши кылса өлкөдө болуп жаткан жакшы иштердин баарына Кумтөрдөн түшкөн акчалар жумшалып жатат.
Кумтөрдөн баланча тонна алтын казылды, түкүнчө миллиард доллар пайда түштү десек эле "Кана ал акчалар, биз көрбөгөндөн кийин ишенбейбиз" же "уурдап жатасынар" деген жарандарыбыз чыгып атат. Өздөрү уурдап жеп жүрүп көнүшкөн да мурда. Анан элдин баарын өздөрүндөй көрүшөт.
Мына ошолор уурдап жеп жүргөн акчалар акыркы 3 жылдан бери элдин пайдасына иштеп атат. Мындан ары Кумтөрдүн пайдасын эл көрүп жатканын жакшылап билип жүрүңүздөр. Кумтөрдөн киреше түшүп жатат десе мындан ары кубангыла.
Ушул иштер эң жок дегенде 15 жыл мурун башталганда Кыргызстан бүгүн таптакыр башкача Кыргызстан болмок. Баардык айылдар, район-шаарлар оңдолуп, элдин жашоо турмушу эбак эле жогорку деңгээлге чыкмак",- деди Садыр Жапаров.
27.08.25.

