super.kg logo

Президенттин маалымат катчысы Жеңиш чокусунда калган Наговицына тууралуу маалымат берди 

 
Президентин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Жеңиш чокусунда буту жабыркап түшө албай калган Наталья Наговицына тууралуу билдирүү таратты.
Алагөзовдун айтымында, альпинисттин абалын байкоо үчүн учкучсуз аскердик учактар да тартылган.
"Альпинисттин кырсыктап аскадан түшө албай калганы тууралуу кабар түшкөндөн тартып тийиштүү мамлекеттик кызматтар аны эвакуациялоо боюнча болгон аракеттерди көрүшкөн. Анын ичинде альпинистти издөө анан абалына баам салуу максатында учкучсуз аскердик учактар да тартылган",- деп жазды президенттин маалымат катчысы.
Эске салсак, 12-август күнү орусиялык Наталья Наговицына Жеңиш чокусуна чыгуу сапары учурунда 7200 метр бийиктикте оор жаракат алып, буту сынган.
Окуядан кийин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ошондой эле аралык куткаруучулар жана альпинисттер да аны куткаруу аракетин жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерге аскердик тик учак да жөнөтүлгөн. Бирок аба ырайынын начардыгынан улам ал кырсыкка кабылган.
"Куткаруучулардын бардык аракеттерине карабастан, альпинистти экстремалдык бийиктиктен эвакуация жүргүзүүгө мүмкүн болгон жок. Начар аба ырайынын тоскоолдугунан улам Наталья Наговицынага жетүү кыйынчылык жаратууда",- деп билдирди Алагөзов.

Кечээ 26-августта Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда жаракат алып, калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицынаны куткаруу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырган.

Буга чейин альпинисттин уулу Михаил Наговицын Тергөө комитетинин төрагасына, Башкы прокурорго жана Орусиянын ТИМине кайрылып, апасына жардам берүүнү суранган. Ал билдиргендей, апасы менен байланыш үзүлгөндөн кийин бир жума өткөндө, видео аркылуу анын тирүү экендиги, кол булгалап, дагы деле күчүн сактап жатканы көрүнгөн.






ВИДЕО

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: