super.kg logo

Садыр Жапаров "Бедел" пункту куруларын айтты

 

Бүгүн, 27-августта президент Садыр Жапаров Барскоон-Бедел унаа жолунун курулушуна старт берди. Өлкө башчысынын басма сөз кызматы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына мамлекет башчынын сүйлөгөн сөзүн жарыялады.

Анда Жапаров жакында "Бедел" өткөрүү пунктунун да курулушу башталарын айткан.

"Буюрса, масштабдуу, ири "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушу башталат. Бул комплекстүү долбоор Кыргызстан менен менен Кытайдын ортосундагы соода көлөмүн арттырат, товар алмашуу көбөйөт, эки өлкөнүн достугу менен ишенимин бекемдейт",- деген президент.

"Архивдик документтерге кайрылсак, "Бедел" өткөрүү пунктун ачуу 1996-жылдан бери көтөрүлүп келген экен. Бирок көп жылдар бою ар кандай себептерден улам ишке ашпай калган",- деп жыйынтыктаган Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: