super.kg logo

Жеңиш чокусунда калган Наговицына боюнча ИИМ билдирүү таратты

 

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы орусиялык альпинист Наталья Ноговицына учураган өзгөчө кырдаалдагы кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-августтан бери альпинист 7100 метр бийиктиктеги Жеңиш чокусунда бутунан жаракат алган бойдон, ошол жерде калууда. Ошондой эле бир нече булактарда анын өлгөндүгү мүмкүн экендиги маалымдалууда.

Бул факт боюнча материал Ички иштер министрлигинин “Маалыматтарды каттоо журналы” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталган. Министрлик тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында чокуга чыгууну ишке ашырган туристтик компанияга да юридикалык баа бериле турганын маалымдады.

Кечээ, 26-августта Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда жаракат алып, калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицынаны куткаруу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырган.

Буга чейин альпинисттин уулу Михаил Наговицын Тергөө комитетинин төрагасына, Башкы прокурорго жана Орусиянын ТИМине кайрылып, апасына жардам берүүнү суранган. Ал билдиргендей, апасы менен байланыш үзүлгөндөн кийин бир жума өткөндө, видео аркылуу анын тирүү экендиги, кол булгалап, дагы деле күчүн сактап жатканы көрүнгөн.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: