Жеңиш чокусунда калган альпинисттен тирүүлүктүн белгиси байкалбаганы айтылды
Бүгүн, 27-августта Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицынаны издөө үчүн аскердик дрон учурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бидирди.
Маалыматка ылайык, дрон атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен учурулган. Тилекке каршы, алпинист калган жерден тирүүлүктүн белгилери табылган эмес.
"Операциянын алкагында жогорку тактыктагы жабдуулар менен жабдылган учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен альпинист турган жерди абадан видеого тартуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө, анын ичинде катуу шамалга карабастан тепловизордун жардамы менен абадан байкоого алынган кадрларды алууга мүмкүн болгон. Алынган маалыматтарды талдоонун негизинде, факторлордун комплексин, анын ичинде аба ырайынын экстремалдык шарттарын жана жайгашкан жеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен альпинисттин турган жеринен жашоонун белгилери табылган жок",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин президентин маалымат катчысы Аскат Алагөзов анын абалын байкоо үчүн аскердик учкучсуз учактар тартылганын билдирип, бирок аба ырайынын тоскоолдугунан улам Наталья Наговицынага жетүү кыйынчылык жаратып жатканын белгилеген.
Ички иштер министрлиги альпинист учураган өзгөчө кырдаалдагы кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын маалымдады.
Эске салсак, 12-август күнү орусиялык Наталья Наговицына Жеңиш чокусуна чыгуу сапары учурунда 7200 метр бийиктикте оор жаракат алып, буту сынган.
16-августта куткаруу иштерине барган Коргоо министрлигине караштуу Ми-8 тик учагы аба ырайынын татаалдыгынан кырсыкка учурады. Экипаж мүчөлөрү жаракат алып, алар Караколго жеткирилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар тобу ага жөнөтүгөнүн билдирип, 24-августта Наталья Наговцинага жетип барышарын белгилеген. Бирок кечээ, 23-августта ӨКМ куткаруу иштери толугу менен токтотулганын кабарлаган.
УКМК

