super.kg logo

АКШ Индиянын товарларына 50 пайыздык бажы төлөмүн киргизди

 

Бүгүн, 27-августтан тартып АКШ Индиядан алып келинген айрым товарларга 50 пайыздык бажы төлөмүн расмий түрдө киргизди. Бул тууралуу AFP агенттиги кабарлап, бул тариф АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөргө карата киргизген эң жогорку бажы салыктарынын бири экенин белгиледи.

Дональд Трамп мындай катуу чараны Индияга экинчи даражадагы санкция катары түшүндүрдү. Анын айтымында, Индия Орусиядан нефть сатып алуудан баш тартпай жатканы үчүн жоопко тартылышы керек. Анткени Москва Украинадагы согушту каржылоо үчүн дал ушул энергия сатуудан түшкөн каражаттарды колдонуп жатат.

Бирок 50 пайыздык бажы төлөмү бардык индиялык товарларга тиешелүү эмес. Мисалы, фармацевтика жана компьютердик чиптер убактылуу бул тизмеден чыгарылды. Трамп бул товарларга өзүнчө бажы тарифтери кийинки этапта киргизиле турганын билдирген.

Соңку үч жума ичинде Индиядан АКШга келчү товарларга 25 пайыздык тарифтер колдонулуп келген.

Индия учурда Кытайдан кийин Орусиядан нефть сатып алган экинчи ири өлкө болуп саналат. 2022-жылдын февралында Украинадагы согуш башталгандан бери Индиянын Орусия мунайын сатып алуу көлөмү 2 пайыздан 36 пайызга чейин өскөн.

Адистер айрым Батыш өлкөлөрү ачык түрдө санкцияларды колдогону менен, Орусиянын нефтин Индия аркылуу кыйыр түрдө сатып алып жатышат деп эсептешет. Ал эми Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өз кезегинде өлкөсүн энергетикалык жактан көз карандысыз кылууга аракет кыларын баса белгилеп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: