super.kg logo

Египетте 13 жашар бала кесме жеп каза болду

 

Египетте Каир шаарынын тургуну үч порция бышпаган кесмени жеп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 13 жаштагы бала кесмени жегенден 30 мүнөт өткөндөн кийин өзүн жаман сезген. Ичинин катуу ооруганына, тердегенине, кусууга арызданган. Натыйжада бала каза болгон.

Кесмени сатып алган дүкөндүн ээси суракка чакырылган. Ал коопсуздук стандарттарына жооп бербеген товарды сатып жаткан болушу мүмкүн деп болжолдонгон. Бирок, изилдөө продукциянын сапатына эч кандай нааразычылыктар жок экенин көрсөттү.

Анализ көрсөткөндөй, өлүмгө тамак сиңирүү жолдорунун тоскоолдугу же ичегидеги көйгөй себеп болгон. Өтө көп чийки продуктуну жегендин натыйжасы болушу мүмкүн.

"Чийки тез бышырылган кесмени жегенден кийин катуу суусуздануу жана ичегилердин өтүшүп кетиши мүмкүн",- деп эскертишет дарыгерлер.

Кошумчалай кетсек, Түштүк Кореядан келген илимпоздор тарабынан сунушталган акыркы изилдөө тез арада кесме (жумасына эки жолудан ашык) көп колдонуу метаболикалык синдромдун пайда болуу коркунучун жогорулатарын көрсөттү. Бул жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабети коркунучун жогорулатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: