Зеленский Орусиянын чабуулунан кийин Кытай менен Венгрияга кайрылды
Украина президенти Владимир Зеленский Венгрия менен Кытайга Орусияга таасир этип, согуштук аракеттерди токтотууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
"Биз Кытайдын бул окуяларга реакциясын күтүп жатабыз. Кытай бир нече жолу согуштун кеңейишине каршы болуп, ок атышууну токтотууга чакырган. Бирок Орусиядан улам бул мүмкүн болбой жатат. Биз Венгриянын да реакциясын күтөбүз",- деп жазды Зеленский.
Ал ошондой эле тынычтыкка үгүттөгөн, бирок көбүнчө үнсүз калган жана принциптүү позицияны карманбаган тараптарга да реакция жасоону айтты. Анын айтымында, Орусияга каршы "катуу санкциялар" киргизүүнүн убагы келди.
"Бардык мөөнөттөр бузулду, дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдүн ондогон саны бузулду. Орусия согуштун ар бир соккусунун, ар бир күнүнүн жоопкерчилигин сезиши керек",- деди Украина лидери.
