Ким Чен Ын Кытайдагы аскердик парадга катышат
Ким Чен Ын сентябрь айынын башында аскердик парадга катышуу үчүн Кытайга барат. South China Morning Post басылмасы билдиргендей, бул Түндүк Корея лидеринин 2019-жылдан берки биринчи Кытайга болгон сапары болот.
Түндүк Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги Ким Чен Ын Си Цзиньпиндин чакыруусу менен жакын арада Кытайга барып, Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 80 жыл толгондугунун майрамына катышарын билдирди.
Кытай 3-сентябрда Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгын парад менен белгилөөнү пландап жатат.
Эске салсак, Кытайдын Тяньцзинь шаарында 31-августтан 1-сентябрга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армениянын лидерлери, Орусия менен Беларустун президенттери, Индиянын премьер-министри, Иран менен Түркиянын өлкө башчылары жана башка саясатчылар чакырылган.
