super.kg logo

"Шрам" каймана аттуу УКТ мүчөсү кармалды (видео)

 

"Шрам" каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат ал Кытайдан келген инвесторлордун арызынын негизинде кармалганын белгиледи. Шектүү кытайлык ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык менен анын Лексус GX 460 үлгүсүндөгү унаасына ээлик кылып, үчүнчү жактарга сатып жиберген. Ишкер унааны кайтарып берүүнү талап кылганда ал коркутууга алып, уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары Досонов, Көлбаев жана Маратовдор менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн көрсөткөн.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда анын мындан бөлөк башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. Атайын кызмат ал Ош шаарында жайгашкан Мухаммед Умар спорт клубунан чыкканын, анын "Шрамдан" бөлөк "Череп" деген да каймана аты бар экенин кошумчалады.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: