super.kg logo

Чек арачылар менен бирге мыйзамсыз иш алып барган адам кармалды

 

Чет мамлекеттик жарандарга Кыргызстан аймагына кирип-чыгуу жана башпаанек алуу үчүн көмөк көрсөтүп келген деп А.Э. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал мыйзамсыз иштерди Борбордук Азиядагы кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана УКМК Чек ара кызматынын айрым кызматкерлеринин көмөгү менен ишке ашырып келген. Шектүү кылмыштуу байланыштары аркылуу чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү схемаларын уюштуруп, аларды жер которуу жана туруктуу жашаган жай менен камсыз кылган. Чет өлөлүктөр Чек ара кызматынын өкүлдөрү тарабынан каттоо системасына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен каттоодон өткөрүлгөн.

Атайын кызмат ал буга чейин Ош шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунун директорунун жардамчысы кызматын аркалап келгенин, "Казак" жана "Женго" уюшкан кылмыштуу топторунун өкүлдөрүнүн адвокаты катарында белгилүү экенин кошумчалады.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: