super.kg logo

АКШ Индиянын орус мунайын сатып алууну токтотпой жатканына таң калды

 

АКШ президентинин соода боюнча башкы кеңешчиси Питер Наварро Bloomberg телеканалына курган маегинде Индиянын орус мунайын сатып алууну токтотпой жатканына таң калганын билдирди.

"Эгер Индия эртең орус мунайын сатып алууну токтотсо, 25 пайыз жеңилдик (бажы төлөмүндө) алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок алар бул жолду тандабайт. Мен ага түшүнбөйм",- деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Дональд Трамп Индиядан импортко 25 пайыз бажы салыгын киргизген. Жалпысынан бул чен 50 пайызга жетет, бул АКШнын киргизген эң жогорку тарифтердин бири болуп саналат. Өзгөчө учур катары гуманитардык жүктөр, алдын ала жөнөтүлгөн товарлар жана өз ара соода программалары камтылган.

Трамп 6-августта кошумча бажы салыктарын киргизерин жарыялаган. Буга себеп катары Нью-Делинин орус мунайын сатып алуусу көрсөтүлгөн. АКШ бийлиги 2022-жылдан тартып анын Индия импортундагы үлүшү 1 пайыздан 42 пайызга өскөнүн белгилейт.

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Рандхир Жайсвал жаңы тарифтерди негизсиз жана акылга сыйбаган деп атап, өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрөрүн белгиледи. Индия бийлиги ошондой эле Орусиянын мунайын Кытай жана Евробиримдик да сатып алып жатканын кошумчалады.

Ошентсе да Нью-Дели компромисс издөөдө жана келишимге жетишүү үмүтүн билдирүүдө. Бир нече сүйлөшүү раунддары өткөрүлгөн, бирок натыйжа чыккан жок. Басылманын маалыматына караганда, негизги көйгөй – АКШнын Индия рыногуна генетикалык модификацияланган айыл чарба продукциясын киргизүүгө талап коюусу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: