Кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт
Жалал-Абадда 30-31-август күндөрү Эгемендик күнүнүн урматына кыргыз-казак төкмө акындарынын XVIII эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.Бул ири маданий иш-чарада:
- Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы,
- Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы,
- Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгы белгиленет.
Иш-чара Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында өтөт. Ал эми Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгына арналган айтыштар жер-жерлерде өткөрүлөт:
- 28-август, саат 17:00 – Аксы району, Кербен шаары, Маданият үйү
- 29-август, саат 17:00 – Сузак району, Барпы айылы, Жони паркы
Кирүү акысыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















