super.kg logo

Орусияда бир эле учурда 25 вирусту аныктаган тест иштелип чыкты

 

Орусияда биринчи жолу бир эле учурда 25 түрдүү вирусту аныктоого жөндөмдүү тест-систем түзүлдү. Бул тууралуу "Роспотребнадзордун" маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окумуштуулар иштеп чыккан реагенттер комплекси ОРВИнин бардык негизги козгогучтарын аныктай алат. Алардын катарына энтеровирус, аденовирус, риновирус, метапневмовирус, респираторно-синцитиалдык вирус, бокавирус, сасык тумоо жана коронавирус кирет.

Бул тест-систем Орусияда расмий катталган алгачкы кеңири спектрдеги диагностика ыкмасы болуп саналат. Ал жогорку тактыкка ээ болуп, дарыгерлерге диагноз коюуну тездетүүгө жана дарылоону убагында баштоого жардам берет.

Мындан тышкары, реагенттердин бардык бөлүктөрү Орусияда өндүрүлүп, чет өлкөдөн жеткирүүгө болгон көз карандылыкты жокко чыгарат. Жаңы технологиялар ОРВИ жана сасык тумоо эпидемиялары күчөй турган мезгилдерде өзгөчө мааниге ээ экени баса белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: