Президент электробустарды тейлөөчү жайды ачты
Бүгүн, 28-августта президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы электробустар, газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөөчү жайдын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мамлекет башчысы аталган жай реконструкциялангандан кийин ачылып жатканын белгилеп, шаардын экологиясын сактоо боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
"Мына ошол тынымсыз жаңыланып, жанданып, жашоосу кайнап турган ордо калаабыздын кан тамыры - бул коомдук транспорт байланышы. Анткени, күн сайын жүз миңдеген тургундар шаардык транспорт менен ары-бери каттайт, жумушуна барат, үйүнө кайтат. Мамлекет борбор калаа тургундарынын күнүмдүк каттамын жакшыртуу, ыңгайлуу шарт түзүү максатында коомдук транспортту өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыттардын бири катары кабыл алганбыз.
Мындан улам, акыркы эки жылда газ менен жүргөн 1000 ашуун автобус сатып алдык. Андан тышкары дагы автобустар алынып, шаардыктарга кызмат көрсөтүүдө. Бирок азыркы күндө транспорт гана эмес, экология маселеси да курчуй баштады. Калаа тургундарынын коомдук транспортун жакшыртуу менен катар шаардыктарга таза аба да өтө маанилүү. Мындай заманбап чечимдер – биздин келечекке болгон жоопкерчилигибиз",- деди ал.
Садыр Жапаров аталган жайдын тарыхына да токтолуп өттү.
"2-депо" деген ат менен кеңири таанымал троллейбустардын токтотмо жайы 1971-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Андан бери канча жылдар өттү, заман өзгөрдү, транспорттун башка ыңгайлуу түрлөрү чыкты. Бүгүнкү күндө Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Бишкек шаарына 120 жаңы электробус толугу менен алынып келинди.
Жогоруда аталган Депо толугу менен оңдолуп-түзөлүп, кубаттоочу инфратүзүм катары модернизацияланды. Бул жаңы транспорттук комплекс Бишкек шаарынын коомдук транспорт системин жаңы деңгээлге чыгаруучу ири долбоор экенин баса белгилей кетейин. Бул аймакта 5 860 чарчы метр курулуш аянты камтылган, ага техникалык тейлөө жана оңдоо жайлары, администрациялык корпус, кошумча курулуштар кирет.
Комплекстин ичинде 60 электробусту жана газ менен жүрүүчү 90 автобусту тейлөө жана сарамжал сактоо шарттары каралган. Башкача айтканда, жалпы 150 даана транспорт каражатын бир убакта тейлеп, шаардык маршруттук тармактын тынымсыз иштөөсүн кыйла жакшыртууга багытталган. Бул жерде электробустарды кубаттоочу станциялар орнотулду.
Күнүмдүк оңдоо жана техникалык тейлөө иштери боюнча атайын техникалык жайлар иш алпарат. Бул жай – борбор калаанын коомдук транспорт каттамын камсыздоочу автобустар менен электробустардын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Шаарлыктарды үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөгө өбөлгө түзөт",- дейт өлкө башчы.



