super.kg logo

Microsoft Израил армиясы менен кызматташууга каршы чыккан эки кызматкерин иштен алды

 

Microsoft Израил армиясынын Газага жасаган чабуулдарында компаниянын технологиялык системалары колдонулду деген дооматтарга каршы нааразычылык билдирген эки кызматкерин иштен алганын жарыялады. Бул тууралуу CNBC телеканалы билдирди.

"Компаниянын саясатын олуттуу бузууга байланыштуу бүгүн эки кызматкердин эмгек келишими токтотулду", – деп жазылат билдирүүдө.

Протест компаниянын башкы кеңсесинде өтүп, анда башкармалыктын төрага орун басары жана президенти Брэд Смиттин кеңсесине кирүү "мыйзамсыз аракет" деп бааланды.

"No Azure for Apartheid" кыймылы маалымдагандай, жумуштан алынган кызматкерлер – программалык камсыздоо инженерлери Рики Фамели жана Анна Хэттл болгон.

Протестке учурдагы жана мурдагы кызматкерлер, активисттер жана жергиликтүү тургундар катышып, компаниянын Израил армиясына кызмат көрсөткөнүнө каршы чыгышкан. Алар Microsoft'тон Израил менен болгон байланыштарын токтотууну жана палестиналыктарга компенсация төлөөнү талап кылышкан.

Полиция Брэд Смиттин кеңсесинде акция өткөргөн жети адамды кармаган.

2025-жылдын башында Associated Press жүргүзгөн иликтөөдө Microsoft жана OpenAI компанияларынын жасалма интеллект моделдери Израил армиясынын Газа жана Ливандагы бомбалоо буталарын тандоо программасында колдонулганы аныкталган. Guardian болсо Израил армиясы палестиналыктарга тиешелүү телефон сүйлөшүүлөрүн сактоо үчүн Microsoft'тун Azure булут платформасын колдонгонун жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: