Сатуудан алынып... Ошто айрым суусундуктарда акциздик маркалар жок болгону аныкталды





Бүгүн, 28-августта Ош шаарында акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейд өттү. Ага Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышкандыгын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Салык кызматынын төрагасы алкоголдук жана кант камтыган продукциялардагы акциздик маркалардын аныктыгын текшерүүгө жана жасалма экенин аныктоого өзгөчө көңүл буруп, акциздик продукция салыктык түшүүлөрдү камсыздап, калктын ден соолугун сапатсыз продукциялардан коргой турганын баса белгиледи.
"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында базарда акциздик маркаларга байланыштуу салык мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Айрым кант кошулган суусундуктарда акциздик маркалар жок болгон. Мыйзам бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлдү. Анын жүрүшүндө шаар ичиндеги соода түйүнүндөрүнүн биринде дүң сатылган суусундуктардын акциздик маркалары белгиленген талаптарга туура келбеген учурлар катталды. Мыйзам бузуулардын натыйжасында продукция жүгүртүүдөн алынды",- деп белгиленди маалыматта.
Эске салсак, Салык кызматы өлкө аймактарында ири соода түйүндөрүндө акциздик продукцияны маркалоо боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:00
2025-08-28

18:03
2025-08-28

17:44
2025-08-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.