super.kg logo

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кербен шаарындагы жаңы мектептин ачылышына катышты

 
Бүгүн, 28-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.
Алгач төрага Кербен шаарына караштуу Өлөң-Булак айылында жайгашкан №55 К.Абдырахманов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Алсак, тургундар Нурланбек Тургунбек уулу депутат болуп шайланганда 1986-жылы курулган авариялык абалдагы мектепти жаңыртып берүү өтүнүчүн айтышкан. Ага ылайык, депутаттын демилгеси менен 2023-жылы 150 орундуу билим берүү жайынын курулушу башталып, долбоорго жалпы 38 миллион сом жумшалган. Учурда ашканасын да салуу иши уланууда.
Муну менен катар акыркы мезгилдери мугалимдерге карата ата-энелер жана окуучулар тарабынан туура эмес мамиле жасалган учурлар кездешип жатканын айткан Төрага асыл кесиптин ээси болгон агартуучуларга урмат-сый көрсөтүү менен гана татыктуу таалим-тарбия алууга болорун баса белгиледи.
Андан тышкары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу да учкай кеп кылган Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районунда эле көптөгөн социалдык мектептер курулуп, жолдор жана суу каналдары жаңыртылып жатканын эске салды.
“Акыркы төрт жыл аралыгында өлкө казынасы үч эсе өсүп, 704 миллиард сомго жетти. Кийинки жылдын бюджетин 800 миллиард сомдон ашыруу пландалууда. Андыктан мамлекетибизди өнүктүрүүгө багытталган аракеттер дагы уланат”, – деген төрага Өлөң-Булак айылына жаңы заманбап спорт залын да куруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.
Ошондой эле Нурланбек Тургунбек уулу жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдук сертификат тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: