Ноокатта мурдагы депутаттын бир тууганынын мүлкү мамлекетке алынды





Оштун Ноокат шаарынында жайгашкан 308,12 чарчы метр жер аянты эки кабаттуу имараты менен биргеликте мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат аталаган мүлктү ээси Турдубай уулу Акылбек өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин белгиледи. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алтынбек Сулаймановдун бир тууганы болот.
Тактап айтканда, мамлекет тарабынан 600 орундуу клуб куруу үчүн 1,2 гектар жер аянты ажыратылып берилгендигине карабай көрсөтүлгөн жер аянтынын 0,25 гектары мыйзамсыз жеке менчике өтүп кеткен. Ал аталган жарандын колуна тийген.
УКМК
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:00
2025-08-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.