super.kg logo

Эгемендүүлүк күнү Жалал-Абаддагы негизги кечеде кыргыз, орус, өзбек ырчылары ырдайт (тизме) 

 
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата негизги майрамдык иш-чаралар быйыл 30-август күнү Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт. Ал эми 31-августта Эгемендүүлүк күнү өлкө боюнча кеңири белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Негизги майрамдык концерт Жалал-Абад шаарында кечки саат 18:00дөн түнкү 01:00гө чейин уланат. Гала-концерт көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чет элдик артисттердин коштоосунда өтөт.
Алардын арасында Николай Басков, Люся Чеботина, BOSSON, ОЗОДА жана Хамдам Сабиров бар.
Ал эми Кыргызстандын эстрада ырчыларынан Гулнур Сатылганова, Бек Борбиев, Бактияр Токторов, Айчүрөк Иманалиева, Фриман 996, Жийдеш, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека жана башкалар катышат.
Бул концерт шаар тургундарына жана меймандарга майрамдык маанай тартуулап, өзгөчө шаңда өтүү алдында турат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: