Эгемендүүлүк күнү Ноокенде төрт маанилүү объект пайдаланууга берилди





Бүгүн, 31-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө. Ага Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев катышууда.
Майрамдык иш-чара маанилүү төрт объекттин ачылышы менен коштолду.
Алар:
- Ноокен айылындагы асфальт заводу;
- 275 орундуу №27 Бирдик орто мектеби;
- 150 орундуу №43 Ак-Жол орто мектеби;
- Шамалдуу-Сай шаарындагы жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмү.
"Айыл чарба өндүрүшү 7,5 миллиард сомго жетип, 30 чакырым ички жолдорго асфальт төшөлдү. Масы айылында маданий борбор, музей жана китепкана курула баштады. Райондун тазалыгы үчүн 9 атайын техника алынды", - деп белгиленет маалыматта.
Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө өлкө башчысынын жана бийлик өкүлдөрүнүн коррупцияга каршы күрөшү аёосуз жүрүп жатканын жана бул иште элдин колдоосу маанилүү экенин баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:11
2025-08-31

13:22
2025-08-31

10:44
2025-08-31

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.