super.kg logo

"Бир нерсе чыгат деп". Ташиев билимге ынтызар кылган апасын көзүнө жаш алып эскерди (видео)

 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы Валентина Терешкованын атын алып жүргөн мектеп-интернатында окуп жүргөн күндөрүн эстеп, анын билим алуусуна түрткү берген апасы Алийма Ташиеваны көзүнө жаш алып эскерди.

"Азыркы күнгө чейин эсимде. Ошондо "Эмне кыласың? Бала чоңоюп калды. Мага кол кабыш кылсын. Бул жерде иштесин. Малды, талааны карасын" деп атам апама айтып жатат. Антсе апам "Жоок,ушул баламдан бир нерсе чыгат. Ушул балам акылдуу. Шок болсо да билимди жакшы алат. Ушуну окуталы" деген. Атам менен апам урушуп-талашып жатканда сөрүдө (тапчан) угуп отурганым эсимде. Интернатка барганда апам чоң үндүгүн көтөрүп алган, бир чакага май салып алган, мугалимдерге жалынып-жалбарып жүрдү, "ушул баламды алып койгулачы" деп. Апам ошондо адамга билим берүү негизги маселе экенинин түшүнгөн экен да. Терешкова мектеп-интернатын ойлосом эле апам эсиме түшө берет. Ошондо апам айткан эле, "балам интернатта окуйт, институтка өтөт, анан колхоздун раиси (ред.: башчысы) болот" деп. Эми колхоздун раисинен да өтүп кеттим", - деди Ташиев.

Айта кетсек, Ташиев билим алган Валентина Терешкова атындагы жатак-мектеби быйыл жаңыдан салынып, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 29-августта пайдаланууга берилди.






Камчыбек Ташиев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: