Бишкекте эки көчө оңдолгондон кийин пайдаланууга берилди



Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин Лев Толстой көчөсүнүн жана Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
- Лев Толстой көчөсүнүн Логвиненко көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды. Аткарылган иштердин алкагында эски асфальт алмаштырылып, жаңы бордюрлар орнотулду, эки катмар асфальтобетон төшөлдү, жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери түшүрүлдү.
- Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы ачылды. Оңдоо иштеринин алкагында “Бишкексууканал” МИге тиешелүү түтүктөр алмаштырылып, эски асфальт алынган, жаңы бордюрлар орнотулуп, эки катмар ысык асфальт төшөлдү, жол белгилери жана чиймелер жаңыланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:11
2025-08-31

13:22
2025-08-31

10:44
2025-08-31

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.