super.kg logo

Айтышта Нурсултан Малдыбаев казак акынына жубайы тууралуу таасирдүү жооп берди (видео)

 

Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан кыргыз-казак акындар айтышында Нурсултан Малдыбаев казак акынына жубайы тууралуу таасирдүү жооп берди.

Казак акыны Малдыбаевге тийишип, "кара кызды" тартып алгандыгын айтып тамашалаган.

Анда ал кыргыз кызы ар кимге эрмек эместигин айтып, ар намыс акчадан да бийик турарын кыйытты.

"Нурайымдай талаттуу сулууларды,

Биз эмес, "жинди" деле бермек эмес.

Кыргыздын салты менен сурабаса,

Кыргыздар кыз түгүл, байталын да бермек эмес", - деп жооп кайтарды.

Айта кетсек, Жалал-Абадда президенттин колдоосу менен Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына, Рахматулла Козукеевдин 70 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындардын XVIII эл аралык айтышы өтүүдө.






Айтыш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: