Садыр Жапаров Тяньцзинь шаарындагы ШКУ саммитинин алдындагы иш-чарага катышты







Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарындагы "Мэйцзянь" көргөзмө жана конференция борборуна барды.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал жерде өлкө башчыларын Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана биринчи айымы Пэн Лиюань тосуп алышты.
Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин урматына уюштурулган тосуп алуу кечки тамагына катышуу үчүн залга өтүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-08-31

Рейтинг:
0

