Ташиев Нарындагы Шералиев көчөсүн жасап жаткан компаниянын жетекчисин камоо буйругун берди (видео)
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Барпыдагы жолдордун курулушу менен таанышып жатып, Нарындагы Шералиев көчөсү боюнча элдердин нааразычылыгын айтты.
Ташиев жеринде УКМКнын Нарындагы башкы башкармалыгынын башчысына телефон аркылуу байланышып, тийиштүү жетекчилерге жана подрядчыларга тезинен чара көрүүнү тапшырды.
"Бүтүрүү мөөнөтүн 15-августка деп койбодук беле. Транспорт министринин биринчи орун басары Солтобаев да ошол жерде жүрөт. Ага да айткам, эгерде убагында бүтпөй турган болсоңор камаласың деп. Бүгүн 31-август, туурабы? Эртең эмес, бүгүн чара көргүлө. "Бета Групп" подрядчы компаниянын жетекчисин алып келип камагыла. Ички иштер башкармалыгынын жетекчисине тапшырма бербедим беле. Каякта жүрөт? Элдер күндө жолду тартып чыгарып жатат. Сапатсыз жол курулуп жатканын айтып жатат. Бирөөң бир карап койбойсуңар. Отурасыңар баарыңар. Сөссүз түрдө мен барышым керекпи?" - деп жемеледи Ташиев УКМКнын Нарындагы өкүлүнө.
Ошондой эле Барпыда жүргөн Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин башчысына талапты коюп, Нарынга жиберди. Ага 10-октябрга чейин Шералиев жана Ленин көчөлөрүн талаптагыдай бүтүрүүнү буйруп, эгер мүчүлүштүктөр болсо камала тургандыгын эскертти.
Нарындын жолу тууралуу


