super.kg logo

"Тактика болчу". Садыр Жапаров "Кумтөр" тууралуу мурда айтканына түшүндүрмө берди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "кабар" агенттигине берген маегинде мурда эмне үчүн "Кумтөрдү" улутташтыруунун зарылдыгы жок деп айтканына түшүндүрмө берди.

"Кен жайда 40-50 жылга жетээрлик алтын бар экенин мен 2012-жылы эле парламентте олтуруп айткам. Себеби ошол жылы комиссиянын башында туруп баарын текшерип келип, "Кумтөрдү" улутташтыруу маселесин көтөргөм. Тилекке каршы, камалып кеттим. Ал эми 2020-жылы "Кумтөрдө" алтын калбай калды, аны улутташтыруунун зарылдыгы деле жок дегеним жөн гана тактика болчу.

Албетте, мен үчүн ошол мезгил абдан оор учур болду. Алдыда шайлоо турат эле. Мурда Кумтөрдү алышыбыз керек деп түрмөгө түшүп, анан түрмөдөн чыгып шайлоого бара жатып ушул сөздү айтыш бул деген — 15-20 пайыз добушту жоготуу дегендик. Айла жок бирок айттым.

Биринчиден, шайлоого жетпей калышым мүмкүн эле. Экинчиден, эгер мен ошол учурда "Кумтөрдү" алабыз дегенимде анда чет өлкөлүктөр баарын ташып чыгып кетип, Кумтөр токтоп калмак. Баарын талкалап кетишмек. Ансыз деле алаарыбызга бир апта калганда аларга маалымат жетип калып электрондук башкаруу системасын талкалап кетишти. 2-3 айдан кийин араң кайра калыбына келтирдик.

"Кумтөрдү" алыш сынчылар айткандай, оңой иш эмес эле. Убакыт керек болчу. Баарын өз орду менен, мыйзамдарды, процедураларды сактоо менен алышыбыз керек эле. Биз ошонун баарын тымызын алты айдын ичинде жасап бүтүп, анан акыр аягында алып койдук. Мына эми азыр элдин керегине жарап жатат. Дагы 40-50 жыл жарайт",- деди Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: