Ташиевдин тапшырмасы... Нарында министрдин орун басары менен "Бета Групптун" директору кармалды

Нарын шаарында Шералиев, Ленин көчөлөрүндөгү жолдорду капиталдык оңдоодо мыйзамсыз иштерге барган деп транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев менен "Бета Групп" компаниясынын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголгонун белгиледи. Алар Ат-Башы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.
Учурда бул фактыга башка дагы кызмат адамдардын тийешеси бардыгы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 31-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш сапары учурунда Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү жолду жасап жаткан "Бета Групп" ишканасынын жетекчисин жана транспорт министринин орун басарын кармоо боюнча атайын кызматтын Нарындагы башкармалыгына телефондон тапшырма берген.
Ошондой эле Барпыда жүргөн Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин башчысына талапты коюп, Нарынга жиберди. Ага 10-октябрга чейин Шералиев жана Ленин көчөлөрүн талаптагыдай бүтүрүүнү буйруп, эгер мүчүлүштүктөр болсо камала тургандыгын эскертти.

