Косметологиялык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттер аныкталды (фото)












Сертификаты жок косметикалык каражаттарды жана медициналык буюмдарды контрабандалык жол менен мыйзамсыз алып өтүүгө жана сатууга байланышкан аракеттер токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ички иштер министрлигине Telegram мессенжериндеги жабык топтор аркылуу эстетикалык медицинада колдонууга арналган сертификаты жок косметикалык каражаттар жана медициналык буюмдар мыйзамсыз сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул каражаттар өлкө аймагына бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинен тийиштүү көзөмөлдөн өтпөстөн мыйзамсыз жол менен алынып келингендиги аныкталган.
Бул факты ИИМ тарабынан катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
20-августта ИИМ кызматкерлери тарабынан 12ден ашык дарек боюнча тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү сертификаттары жана уруксаты жок ири партиядагы косметологиялык каражаттар табылган. Ошондой эле айрым адамдар тарабынан лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок көрсөтүлүп жаткан косметологиялык бөлмөлөр аныкталган.
Тергөөнүн жыйынтыгында 1979-жылы туулган З.Р., 1976-жылы туулган В.В., 1976-жылы туулган Ч.О., 1982-жылы туулган Н.А., 1994-жылы туулган А.З. жана 1982-жылы туулган Л.В. аттуу жарандар кармалган.
Алар ЖПКнын 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.
Ошондой эле 29-августта Бишкек шаарындагы пластикалык хирургия клиникаларынын биринде да тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү сертификаттары жана колдонууга уруксаты жок ири өлчөмдөгү ушул сыяктуу косметикалык каражаттар табылып, алынган.
Учурда аталган клиниканын дарыгерлеринин бирине карата пластикалык операциядан жабыркаган жарандардан көптөгөн арыздар келип жатат.
Бул кылмыш ишинин алкагында 1982-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен шектүүгө карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.
Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

