Тяньцзинде ШКУнун эң ири саммити башталды
Бүгүн, 1-сентябрда Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) кезектеги саммити расмий түрдө ачылды.
Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чарага Садыр Жапаров катышып, уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге салтанаттуу сүрөткө түштү. Андан соң делегациялар жыйын өтүүчү залга багыт алышты.
Бул жолку саммит ШКУнун тарыхындагы эң маанилүү жана ири жыйындардын бири катары бааланууда. Дүйнө коомчулугунун назары азыр Тяньцзинге бурулган.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин делегацияларды жылуу тосуп алып, саммиттин жемиштүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-08-31

Рейтинг:
0

