super.kg logo

Өрт коопсуздук эрежелерин комплекстүү камтыган китеп жарык көрдү

 
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору үчүн өрт коопсуздук эрежелерин комплекстүү камтыган колдонмо китеп басылып чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бул китеп Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көрсөтмөсү менен кызматкерлердин натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылуу жана Кыргызстанда өрт коопсуздук эрежелеринин аткарылышын туура уюштуруу максатында инспекциялык кызмат иштеп чыккан.
Колдонмо китепте министрлер кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы №251 токтому менен бекитилген өрт коопсуздук эрежелери тууралуу кенен түшүнүктөр, жеке жана юридикалык жактар үчүн колдонулуучу нормативдик укуктук актылар, мамлекеттик, социалдык, коммерциялык имараттардын, турак жайлардын жана башка объектилердин өрт коопсуздугун камсыз кылуудагы негизги өзгөчөлүктөр камтылды.
50 нускама менен даярдалган колдонмо борбордогу жана республикадагы бардык кызматкерлерге берилди. Ал эми кызыккан тараптар Министрлер Кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн токтому аркылуу да тааныша алышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: