Леонид Якубовичке "Поле чудес" катышуучуларынын белектерин татып көрүүгө тыюу салынды

Алып баруучу Леонид Якубовичке ден соолугуна байланыштуу спирт ичимдиктерин ичүүгө жана "Поле чудес" программасынын катышуучуларынын белектерин татып көрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
80 жаштагы Леонид Якубович дарыгерлерге алсыздыгына жана абдан чарчай баштаганына даттанган. Дарыгерлер ага кант диабети менен ооруган деген диагноз коюшкан.
Эми ал катуу диетаны карманып, "Поле чудес" катышуучуларынан туздалган бадыраң, пирог жана башка белектерди даамдап көрүүдөн баш тартуусу керек болот. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.