Яндекс Go: 12 айдын ичинде бир мүнөттүк жол жүрүүнүн орточо баасы 5%га өстү



Акыркы 12 айдын ичинде Кыргызстанда Яндекс Go аркылуу жол жүрүүнүн бир мүнөтүнүн орточо баасы мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо эсеп менен 5% өстү. Ошол эле учурда сервис аркылуу буйрутма берүүлөрдүн саны 24%га, ал эми бир жол жүрүүнүн орточо узактыгы 2%га жогорулап, айдоочулардын сервистик кызматтагы орточо сааттык кирешеси 8%га өскөн.
Бир мүнөттүк жол жүрүүнүн орточо чыгымы
Сервистик кызматтын талдоочулары корпоративдик тарифтен башка бардык тарифтер боюнча жол жүрүүнүн бир мүнөтүнүн орточо баасын эсептеп чыгышкан. Баалоонун мындай ыкмасы жол жүрүүнүн акыркы наркына таасир этүүчү бардык факторлорду эске алган: тандалган тариф, жол жүрүү убактысы, сапардын аралыгы, ошондой эле суроо-талаптын көбөйүшү, мисалы, туруксуз аба ырайы же шашылыш убак.
Сервис 2024-жылдын августунан 2025-жылдын июлуна чейинки аралыкта жол жүрүүнүн бир мүнөтүнүнүн орточо баасын бир жыл мурдагы мезгил менен салыштырган. Анын негизинде 12 айдагы маалыматтар бардык мезгилдик өзгөрүүлөрдү, анын ичинде суроо-талаптын эң чокусу болгон декабрды да эске алган.
Жалпысынан өлкө боюнча жол жүрүүнүн бир мүнөтүнүн орточо баасы 5% өстү. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын башынан бери өлкөдө инфляция 4,6%ды, ал эми жылдык мааниде 8,7% түздү.
Бир саатын ичиндеги айдоочунун орточо кирешеси
Сервистик кызматтын натыйжалуулугу да жогорулады. Бул демекчи, азыр айдоочулар буйрукту күтүп олтурбастан, же кабыл алуу пунктуна чейин узакка жүрбөстөн, көбүнчө жүргүнчүлөр менен жолдо убакытты өткөрө башташты. Бул башка факторлор менен катар айдоочунун орточо сааттык кирешесинин 8%га өсүшүнө шарт түздү.
Буйрутмалардын саны, айдоочулардын саны, жол жүрүүнүн узактыгы
Каралып жаткан мезгил ичинде Кыргызстанда Яндекс Go аркылуу буйрутмалардын саны 24%га, ал эми сервистик кызматтагы активдүү айдоочулардын саны 24%га өстү. Ошол эле учурда сервистик кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жол жүрүүнүн орточо узактыгы жыл ичинде 2%га жогорулады.
Мүнөтүнө орточо чыгымдын жана өсүү коэффициентинин жогорулашынын факторлору
Мүнөтүнө орточо нарктын өсүшүнө бензинге, тетиктерге жана автоунааларды тейлөөгө болгон баанын өсүшү таасир этиши мүмкүн. Жол жүрүүнүн баасына таасир этүүчү негизги фактор болуп суроо-талаптын көлөмү жана анын өзгөрүшү саналат: мисалы, мезгилдүү же кыска мөөнөттүү, аба ырайына же кандайдыр бир окуяларга байланыштуу өзгөрүү болот. Эгерде жыл ичинде суроо-талаптын мындай кыска мөөнөттүү өзгөрүүсү мурункуга караганда бир кыйла көп болсо, мисалы, кыш ызгаарлуу болсо, ал жылдык баалардын динамикасына олуттуу таасир этиши мүмкүн.
Мындай олку-солку болгон учурларда жеткиликтүү унааларга караганда, тезирээк дарегине жетүүнү каалаган жүргүнчүлөрдүн саны бир топ ашып түшүп, алгоритм жолго айдоочуларды көбүрөөк тартуу үчүн жол баасын убактылуу жогорулатып, ошол эле учурда суроо-талапты басаңдатат. Ар бир жолго чыгууну каалаган адамга унаа жеткиликтүү болуп калаары менен баалар кайрадан калыбына келет.
«Бирге» тарифи жана арзан жүрүүнүн жолдору
Яндекс Goдо суроо-талап күчөгөн мезгилде да жол жүрүүнү үнөмдөөгө мүмкүндүк берген шарттар бар. Мисалы, унааны дагы бир аз күтүүнү же айдоочу үчүн токтоого ыңгайлуураак болгон жерге чейин бир нече мүнөт басууну тиркеме сунуш кылышы мүмкүн. Эгерде “Бирге” тарифи тандалып алынса, жолдо жүрүүнү башка жолоочу менен бөлүшкөндүктөн, баасы арзаныраак болот. 2025-жылдын июль айында Кыргызстанда бул тариф боюнча сапарлардын саны өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу 47,5%га өскөн.


1 |