Бишкекте 31-августта өлкөнүн башкы Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган чоң майрамдык концерт өттү.

Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Сахнада чыгармачыл жамааттар жана белгилүү аткаруучулар: Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Бек Исраилов, Иса Өмүркулов, Азат Раимбердиев, Арсен, Jax, Фриман, Бегиш, Малика Дина, Омар, "Nomad" триосу жана башка эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Миңдеген шаар тургундары жана калаа меймандары аянтка чогулуп, кубаныч, сыймык жана шыктандыруу атмосферасына бөлөнүштү.