Алайда ИИМдин эки күзөтчүсү менен кытайлыктардын ортосунда чыр чыккан
Алайдын Нура айылында жайгашкан унаа токтотуучу жайда ИИМдин күзөтчүлөрү менен Кытайдын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кечээ, 31-августта Күзөт кызматынын кызматкери асманга 3 жолу ок чыгаргандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Анда унаа токтотуучу жайда ИИМдин Түштүк-чыгыш күзөт кызматынын кызматкерлери токтоп турган Кытайдын оор жүк ташуучу унааларынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнү, ошол учурда пикир келишпестиктер жаралып, уруша кетишкендиги, натыйжада Күзөт бөлүмүнүн кызматкери өзүнүн табелдик ок атуучу куралынан асманга эскертүү иретинде 3 жолу ок чыгаргандыгы белгилүү болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катыштыгы бар делген Кытайдын 9 жараны жана Күзөт бөлүмүнүн 2 кызматкери суракка алынган. 6 кытайлык мас абалда экени аныкталган.
Учурда окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү уланууда.
