super.kg logo

Үч өлкөнүн чек арасы тогошкон жерде эки кыргыз жараны окко учту

 

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын чек арасы тогошкон жерден эки кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-августта укук коргоо органдарына Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургундары дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 28-августта өзбек тараптын чек ара өкүлдөрү менен болгон жумушчу жолугушууда коңшу тарап 15-августта Өзбекстандын аймагынан үч өлкөнүн чек аралары кошулган жерде белгисиз эки жаран байкалганын билдирген.

Өзбек тарап алар кармоо аракетине баш ийбегендиктен курал колдонулганын маалымдаган. Натыйжада эки жаран тең октон жаракат алышкан. 31-августта дайынсыз жоголгон кыргызстандыктардын жакындары Өзбекстанга барып, маркумдардын өздүгү такталган. 1-сентябрда "Баймак" посту аркылуу эки кыргызстандыктын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп, Кербен шаарындагы өлүкканага экспертизага жеткирилген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери 2-сентябрдан баштап жеринде биргелешкен иликтөө жүргүзүүнү макулдашкан. Мындан тышкары өзбек тарап каза болгон жарандардын табылган мүлкүн, тагыраагы, үч жылкыны жана бир чатырды Кыргызстанга өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

Чек ара кызматы болуп өткөн окуяга терең тынчсыздануусун билдирип, кыргызстандыктардын өлүмүнүн жагдайлары боюнча комплекстүү иликтөө иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: