Нарындагы жол боюнча дагы эки адам кармалганы кабарланды
Нарын шаарында Шералиев, Ленин көчөлөрүндөгү жолдорду капиталдык оңдоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын башкы директору менен 1-Жол куруу башкармалыгынын директоруна Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылымыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Мунун алдында УКМК аталган көчөлөр боюнча транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев менен "Бета Групп" компаниясынын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалганын маалымдаган.
Белгилей кетсек, кечээ, 31-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш сапары учурунда Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү жолду жасап жаткан "Бета Групп" ишканасынын жетекчисин жана транспорт министринин орун басарын кармоо боюнча атайын кызматтын Нарындагы башкармалыгына телефондон тапшырма берген.
