super.kg logo

Нарындагы эки жолду бүтүрүү милдети мамлекеттик ишканага жүктөлдү

 

Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө жүрүп жаткан курулуш иштерин "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы улантат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Буга чейин аталган жолдор "Бета Групп" компаниясы тарабынан салынып жаткан. Бирок коомчулуктагы нааразычылыктардан улам компаниянын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалганы маалымдалды. УКМК аны менен бирге транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев да камакка алынганын билдирди.

Нарын облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын башкы директору менен 1-Жол куруу башкармалыгынын директору да кармалганын жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: